5-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидрометтин билдиришинче, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, Талас, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусу түнкүсүн +15… + 20, күндүз + 27… + 32

Талас облусу түнкүсүн + 11…+16, күндүз + 25…+30

Баткен облусу түнкүсүн + 16…+21, күндүз + 29…+34

Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн + 17…+22, күндүз + 29…+34

Ысык-Көл облусу түнкүсүн +10…+15, күндүз + 22…+27

Нарын облусу түнкүсүн + 8…+13, күндүз + 21…+26

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +18…+ 20, күндүз абанын максималдуу температурасы + 29…+31.

Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +13…+ 15, күндүз абанын максималдуу температурасы + 22…+24. Ысык-Көлдүн жээгиндеги суунун температурасы 3-августта күндүз + 23,7 градус, 4-августта эртең менен +21,7 болгон.