5-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 5-августта Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38;

Таласөрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31;

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33 градус ысыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+24, күндүз +35…+37 градус болот.