5-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 5-февралда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5;

Баткен облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-10, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -3…-8;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Жолдор тоңголок болот. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12° суук, күндүз 1…3° болот.