5-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 5-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +20.. +25, күндүз +35 … +40;

Талас жергесинде түнкүсүн +14… +19, күндүз +33… +38;

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +12… +17, күндүз +27… +32;

Нарын дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +30…+35.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында абанын табы түнкүсүн +20…+24, күндүз +36…+41 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында түнкүсүн +22…+24, күндүз +36…+38 градуска чейин жетет.