5 жыл, 5 айдан бери жабык турган Тарых музейи 20-ноябрда ачылат

20-ноябрда Улуттук тарых музейинин расмий ачылышы болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-ноябрдан 30-ноябрга чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алышат. «Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жарандарга бет кап кийүүсү жана санитардык нормаларды сактоо талап кылынат. Музейге кирүү алдында жарандар музейге кирүү тартиби жана экскурсия талаптары менен тааныша алышат»,— деп айтылат маалыматта.

Тарых музейи 2016-жылдын 25-майында оңдоо иштерине жабылган. Анын жабылганына 5 жыл, 5 ай, 26 күн болду.