5 жыл 5 айдан кийин! Тарых музейи бүгүн расмий түрдө ачылды

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте Улуттук тарых музейинин оңдоп-түзөөдөн кийин расмий ачылышы болду. Меймандардын алдында улуттук ансамблдердин мүчөлөрү концерт берүүдө.

Кечээ, 18-ноябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымат таратып, 20-ноябрдан 30-ноябрга чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алышарын билдиришкен.

Тарых музейи 2016-жылдын 25-майында оңдоо иштерине жабылган. Анын жабылганына 5 жыл, 5 ай, 26 күн болду.