«5 жыл иштесеңиз, Дубай кыласыз». Оштун мэрине чепкен жаап, калпак кийгизишти (видео)

Кечээ, 27-августта Ош шаарындагы негизги көчөлөрдүн бири болгон Курманжан Датка көчөсү (Навои көчөсүнөн автобекетке чейинки бөлүгү) пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош мэриядан билдиришти.

Жасалган жолдун узундугу 7,5 чакырым, кеңдиги 22 метр.

Шаар тургуну атайын чепкен менен калпак алып келгенин айтып, мэрге кийгизди. «Сизди бизге 5 жылга берсин. Шаарыбызды Дубай кыласыз»,- деди тургун.