«5 жылдан бери азык-түлүктөн аябай кыйналып кеттим» дейт 130 килограмм салмактуу аял

Биздин бул жолку каарманыбыз – 63 жаштагы аял. Ал салмагы 130 килограмм болгону үчүн өз алдынча басып-тура албасын, мындан улам үй-тиричиликке керектүү буюмдарды керебетинин жанына коюп алып, тамак-ашын жасап, жейт экенин айтат. Фатма Ашурова тагдырын төмөнкүчө баяндады.

«Мен 3,5 жылдан бери ушул жерде жашайм. Мени көзү азиз адам карап жүрөт. Ага да жардам керек. Ал да кыйналып жүрөт. Ошол адам мага убактылуу жашап турганга үй берген. Кээде туруп, баса да албай калам. Дубалды кармалап жатып, эшикке жетем. Столго баарын коюп алам, плитаны да жакын коем. Ал эми бул жерге горшогумду коем. Азыр азык-түлүгүм жок калды. 5 жылдан бери кыйналып келе жатам. Эч ким мага жардам көрсөткөн эмес. Мечиттегилер эле жардам берип турушат»,- дейт каарманыбыз.

Ал 8-класска чейин Тажикстанда окуганын айтат. «8-классты бүтүргөн соң, мугалимдер чыгарып салды. 18ге толгонумда алып качып кетишти. Кыргыз жигит ала качты. Эки ай жашап, ажыраштык. Ошол 2 ай абдан кыйналдым. Балам ичимде чарчап калган экен. Бир туугандарым келип, абалымды сурап коюшкан жок. Нан таппай ыйлаган күндөрүм болду»,- дейт көз жашын тыя албай.