“Тагдыр” көрсөтүүбүздүн бул жолку каарманы 29 жаштагы Айзат Маматназар кызы. Ал турмуштун сыноосуна кабылып, учурда жардамга муктаж болуп жатканын айтат. Каарманыбыз 20 жашында турмушка чыккан. 5-6 жылдай жашап, кайненесинин кийлигишүүсүнөн улам эки жолго түшүшкөн.
«Оштун Өзгөнүнөн болом. 5-класска чейин Ошто окугам. Апам кичинемде эле каза болуп калганына байланыштуу 5-класстан кийин Орусияга бала багуучу кылып жиберишти. 4 жыл жүрдүм. Кыргызстанга келсем атам үйлөнүп, жашап жатышыптыр. Бир туугандарым да жок. Атам үйлөнгөн соң үйгө да батпай калдым. Анан ишке кирдим. Идиш-аяк, пол жуучумун. Кафеде иштеп жүргөн убагымда турмушка чыктым. Ал мени ала качып кеткен. Башында жакшы эле жашачубуз. 1-2 айдан соң ичип, кол көтөрө баштады», — дейт келин.