5 күн жана 5 түн! Дөөлөт Сыдыков манас айтууну жыйынтыктады

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 31-августта Москва шаарында Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинин имаратында 5 күн, 5 түн манас айтууга бел байлаган. Бүгүн ал манас айтуу иш-чарасын жыйынтыктады.

Манасчынын жубайы Ырыс Окенова Фейсбуктагы баракчасына түз эфирге чыгып, элчиликтин алдында манасчыга ыраазычылык билдирип жаткандагы видео менен бөлүштү. Ал эми соцтармактын колдонуучулары анын 111 саат манас айтканын баса белгилешип, бул керемет нерсе экенин жазышууда.

Иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата кыргыз диаспора кеңешинин чакыруусу жана элчиликтин колдоосу менен уюштурулуп жатканы маалым болгон.

Дөөлөт Сыдыков 2020-жылы Гиннесстин рекорддор китебине катталуу максатында Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында 14 саат 27 мүнөт бою манас айткан. Бирок анын бул аракети расмий катталган эмес.