5 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Наталья Кудякова табылды

Милиция кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан Наталья Кудякованы Кант шаарынын борборунан аман-эсен табышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-апрелде Аламүдүн РИИБге 38 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, жакындарынын бири — 1981-жылы туулган Наталья Кудякова 6-апрелде таңкы саат 04:30 чамасында күмүш түстөгү Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасы менен Лебединовка айылынын Мичурина көчөсүндөгү батиринен чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин билдирип, аны издөө иштерине көмөктөшүүнү суранган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган аял Кант шаарынын көчөлөрүнүн биринен табылды. Учурда ал милицияга алып келинип, анын жоголушунун себебин тактоо, туугандарына өткөрүп берүү иштери жүрүп жатат.