Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин түзүмүнө жаңыдан киргизилген Инженердик изилдөөлөр департаментинин 50 жылдан бери эскирип калган имараты толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, колдонууга берилди. Оңдоодон өткөн имаратка министр Нурдан Орунтаев барды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Инженердик изилдөөлөр департаментинин негизги миссиясы — өлкөдө жүргүзүлгөн инженердик изилдөөлөрдү:
* илимий-техникалык жактан негизделген;
* ишенимдүү жана комплекстүү;
* долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн так жана коопсуз деңгээлде аткарылышын камсыз кылуу.
Департамент капиталдык курулуш объекттеринин сапатын жогорулатууну, инженердик коопсуздукту бекемдөөнү жана өлкөдөгү курулуш иштеринин технологиялык маданиятын өнүктүрүүнү максат кылат.
1975-жылы негизделген мекеме (Кыргыз башкы институту), 1993-жылы ачык акционердик коомдун статусун алган. 2025-жылы өкмөттүн токтомуна ылайык, аталган институттун иш багытын улантуу максатында Курулуш министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаменти болуп түзүлгөн.