«56 жашка чыктым, куттуктоо күтүүсүз болду» дейт мектеп окуучулары туулган күнү менен куттуктаган күзөтчү

Бишкекте окуучулар мектептин кароолчусун туулган күнү менен куттукташкан видео соцтармакка тараган.
Видеодо окуучулар «биздин мектептин тарыхындагы эң мыкты кароолчу» деп жазышкан. Билдирүүгө улай интернет колдонуучулар окуучулардын ушундай куттуктоосуна жүрөгү элжиреп кеткенин айтышып, балдардын тарбиясына суктанышууда. Соцтармакта жазылган маалыматка караганда, окуя Бишкектеги № 64 мектепте болгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги дал ошол күзөтчү менен байланышып, өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктадык. Анын 56 жашка толгону маалым болду. «Атым Асан Борколдоев. Бул мектепте иштеп жатканыма 7-8 ай болуп калды. Мени окуучулар ушинтип торт менен куттукташат деп ойлогон эмесмин, күтүүсүз болду. Эми мен окуучуларды урушкандан көрө, өзүм деле окуучу болгом деп акырын айтам. Кээде силердин деле ата-энеңер бар деп түшүндүрөм. Бул видео чыгып кеткен соң туугандарым, мектепте иштегендер жиберип жатышты. Мага күтүүсүз болду», — деди ал.