59 депутат макул… Уран казууга уруксат берген мыйзам долбоору 1-окууда колдоо тапты

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңеште Укук бузуулар жөнүндө кодекске, «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу иштерге тыюу салуу жөнүндө мыйзамды күчүн жоготту деп табуу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев тааныштырды. Депутаттардын суроолоруна мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, адистер жана башка эксперттер да жооп берди.

Министр белгилегендей, мыйзам долбоору менен “Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу Кыргыз Республикасынын бул мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 14-декабрындагы №139 “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамын күчүн жоготту деп табуу сунушталат, ал уран жана торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу ишке тыюу салат.

Талкуу учурунда депутат Исхак Масалиев Кыргызстандын аймагында совет доорунда иштетилген калдыктардын азыркы тагдырын сурады. Депутат Чыңгыз Айдарбеков мыйзам долбоорун кабыл алуу менен кайсыл кендерди казуу иштери болорун тактады. Эл өкүлү Арсланбек Малиев мыйзам долбоору Кызыл-Омпол кенин кайра иштетүүгө багытталганын тактап жатып, анын Ысык-Көлдүн экологиясына таасири тийбейби деп сурады. Министр уран жана торий казып алуу мыйзам долбоорунун максаты эмес деп жооп берди. Депутаттар мыйзам долбоорунда уран жана торий өндүрүү боюнча норманы так жазууну сунушташты.