Өлкөдө 6-7-мартта онлайн форматында прогрессивдүү кыргызстандыктардын эл аралык курултайы өтөт. Бул тууралуу курултайдын координатору Венера Исакуловна билдирди.
Анын айтымында аталган курултай «Zoom» программасы аркылуу «Facebook» социалдык тармагында өтөт.
Анда укук жана соттук система, экономика, илим, билим, тарых, саясат, медицина, IT тармагы, туризм жана экология тармактарына байланыштуу бир катар суроолор көтөрүлүп, маселелер талкууланат.
Бул курултайга өлкөдөгү жана чет жерде жашаган бардык кыргызстандын жарандык активисттери катыша алышат.