6-8-апрель күндөрү тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүшү мүмкүн

6-апрелден 8-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 74-107-чакырымдарында;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр унаа жолунун 71-74-чакырымдарында Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.