6 ай ичинде кыргыз спортчулары жалпы 268 медаль жеңген

6 ай ичинде кыргыз спортчулары жалпы 268 медаль жеңген. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын спортчулары дүйнө жана Азия чемпионаттарында, ошондой эле эл аралык мелдештерден жалпы 268 медаль жеңип келди. Анын ичинен 78 алтын, 71 күмүш жана 119 коло медалдар.

2024-жылдын биринчи жарым жыл ичинде негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календардык планынын негизинде 84 спорттук-массалык иш-чара өткөрүлдү. Алардын ичинен эл аралык турнир 8, спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын 64 чемпионаты жана кубоктору орун алды. Ал эми 29 810 адамдын катышуусу менен 163 спорттук массалык (облустук, райондук, шаардык дээнгелде) иш-чаралар уюштурулган.