6-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 6-апрелде түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.