Эртең, 6-апрелде күндүз жана түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +10…+15 градус жылыйт.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +13…+15° жылуу болот.