6-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 6-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+13;

Баткен облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9;

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +3…+5 градус, күндүз +14…+16 градус болот.