6-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 6-июлга караган түнү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31,

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +28…+33,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,

Бишкек шаарында өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +28…+30 градус болот.