6-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 6-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Кээ бир аймактарда туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3;

Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3;

Баткен облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +9…+14;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +9…+14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11 градус, күндүз 0…+2 градуска жетет.