6-сентябрда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде гана өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27
Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17°, күндүз +32…+34° жылуу болот.