600 кызматкер Бирдиктүү декларацияны өз убагында тапшырган эмес

Салык декларациясын өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу ведомоствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик салык кызматы 2019 жана 2020-жылдары үчүн Бирдиктүү салык декларациясын мыйзамда белгиленген мөөнөттө тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тууралуу маалыматты өзүнүн сайтына жарыялады. Ушул жылдын 12-майына карата 1-апрелден кийин 600 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер, анын ичинен 2019-жыл үчүн – 129, 2020-жыл үчүн – 471 кызматкер Бирдиктүү салык декларациясын тапшырышкан. Декларацияны өз убагында тапшырбагандардын жалпы санынын көпчүлүгү муниципалдык жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери жана адистери болду. Бардыгы – 227 декларант.

Белгилей кетсек, декларацияны өз убагында же таптакыр тапшырбаган, декларацияны туура эмес маалыматтар менен тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тизмеси юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилет. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларациясын тыпшыруу мөөнөтү жыл сайын 1-апрелде аяктайт.