65 жашка чейинки бардык Кыргыз жарандарына ажылыкка барууга мүмкүнчүлүк берилди

65 жашка чейинки бардык Кыргыз жарандарына ажылыкка барууга мүмкүнчүлүк берилди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, каттоо 6-майдан 11-майга чейин «РСК» банктын иш убактысы бүткөнгө чейин жүргүзүлөт. Талапкерлер Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, «РСК» банкына төлөнгөн 4,5 доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынат.