7-9-февраль күндөрү тоолуу аймактарга кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 7-9-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу, 198-260-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 55-115-чакырымы, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусу жана Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымындарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот.