7-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 7-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаашы ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +35…+40;

Талас облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +34…+39;

Баткен облусунда түнкүсүн +21…+26, күндүз +36…+41;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +36…+41;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32;

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+24 градус болсо, күндүз +38…+40 градуска жетет.