«7 жыл кыз-жигит болуп жүрдүк». “Сүйлөбөсөк да, укпасак да, бактылуубуз” деген түгөйлөр менен маек (видео)

Кубатбек Махматжан уулу жана Айназик Уланбек кызы сүйлөй да, уга да албайт. Алардын баш кошконуна 3 ай болду. Бул ирет биз дал ушул үй-бүлөнү студиябызга чакырып, сүйүү баянын уктук. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: Мбанк: 0990 03 10 96 (Кубатбек М.)

Алар кантип таанышып калышканын айтып беришти. «Айназик мектепти бүткөндөн кийин биз жакка келип, таанышып калдык. Анан жакшы көрүп калдым», — дейт Кубатбек.

«Кубат мектепти бүткөндөн кийин бүтүрүүчүлөр кечесине классташтары менен келген. Анан бири-бирибиз менен таанышып, бирок биринчи күнү бири-бирибизди түшүнбөй калганбыз. Андан кийин жакшылап көбүрөөк сүйлөшүп, чогуу болуп калдык», — деди Айназик. 

— Адатта түгөйлөр бири-бирин көргөндө айрым сапаттарына же көздөрүнө, айтор, бир нерсесине арбалып калат эмеспи. Кубат, сизди Айназик эмнеси менен арбап алды?

Кубат: — Боорукер. Чогуу жүргөндө, сүйлөшкөндө бири-бирибиз менен аябай жакшы сүйлөшөбүз. Бири-бирибизге ошонубуз менен жагып калдык.

Айназик:  — Кубатты жаңы көргөндө мен мүнөзүн билчү эмесмин да. Көргөндө эле татынакай жигит экен дегем. Анан сүйлөшө баштаганда акырындан мүнөзүн билип, жага баштады. Эркек катары күчтүү, камкор. Ошо, башынан эле аябай татынакай жигит экен деп жактыргам. 

— Кубат, Айназик менин жубайым болот деген чечимге кантип келдиңиз?  

Кубат: — Жакшы көрүп калдым. Мүнөзү жакты. Боорукер, бири-бирибизди түшүнөбүз, сыйлайбыз. Ошон үчүн менин жубайым болот деп чечим чыгардым.

Алар кыз-жигит болуп 7 жыл сүйлөшкөнүн айтышты.