7-марттан 10-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт.
Алар:
— Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138 чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260 чакырымы (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
— Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 1-14 чакырымы (Өтмөк ашуусу);
— Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101 чакырымы (Чапчыма ашуусу), Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-4 чакырымы;
— Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 60-110 чакырымы;
— Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 160-179 чакырымы (Талдык ашуусу);
— Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 98-145 чакырымдарында (Кара-Кыя, Кулчу, Батман-Көл, Алыш-Сай тилкелери);
— Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-90 чакырымы (Чон-Ашуу ашуусу);
— Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында (Сөөк ашуусу);
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.