Президенттин иш башкармалыгына караштуу мекемелердин жетишкендиктери тууралуу маалымат берилди

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев акыркы эки жылда президентин иш башкармалыгына караштуу мекемелердин кирешелери 4,5 эсе өскөнүн айтты. Анын айтымында 2024-жыл ийгиликтүү, рекорддук өсүштөгү жыл болду.

«Мекемелер финансылык туруктуулукту гана камсыз кылбастан, негизги көрсөткүчтөр боюнча да ишенимдүү өсүштү көрсөтө алышты. Бул жыл ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана стратегиялык иш алып баруу менен коштолду», — дейт ал.

Айрым мекемелердин ийгиликтери:

• «Президенттин № 1 мамлекеттик резиденциясы» мекемесинин кирешеси 113,3 миллион сом;

• «Ала-Арча» жаратылыш паркынын кирешеси 231 миллион сом;

• «Кыргыз строй сервис» мамлекеттик ишканасынын кирешеси 1 миллиард сом;

• «Кыргыз дип сервис» мекемесинин кирешеси 263,9 миллион сом;

• «Учкун» ачык акционердик коомунун кирешеси 2,3 миллиард сомго жетти.

 

Маалыматка ылайык, быйыл президенттин иш башкармалыгына караштуу мекемелердин жалпы кирешеси 7 миллиард сомду түзгөн.