7 миллионунчу кыргызстандык менен бир убакта төрөлгөн Айзууранын ата-энесине 200 миң сом тапшырылды

Кыргызстан калкынын саны 7 миллионго жеткендигине байланыштуу, 19-октябрда туулган Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл аймагынын кичинекей тургуну Айзууранын апасы Гүлмира Усеналиевага өлкө башчынын атынан сүйүнчү катары 200 миң сомдук сертификат тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, сертификатты президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары тапшырган.

Буга чейин өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек шаарынан жети миллионунчу кыргызстандык менен бир мезгилде төрөлгөн 8 ымыркайдын ата-энелерине да 200 миң сомдон берилери убадаланган.