«7 миң сомго ким иштейт?» Депутат айылда айлык аз экенин айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Эгемдердиев айылдагы айлыктык аздыгынан кадр жетпей жатканын билдирди.

«Мектепте иштеген техникалык персоналдардын айлыгы 7 миң сом экен. Агын суу чарбалык ишкананын кызматкерлери да 7-10 миң сом айлык алат  экен. Айыл жергесинде кадр тартыштыгы айлыктын аздыгына байланыштуу экен. Бүгүнкү күндө 7 миң сомго ким иштейт? Эң аз пенсия 6 миң 900 сом болуп жатса, 7 миң сом айлыкка ким иштейт? Кадрды кайдан табабыз?»,- деди депутат.