«7 миң сомго чейин акча алып турган». Ош шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы кармалды

Базар ишкерлеринен мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган Ош шаарындагы №1 шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, №1 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Т.Т.М. базар ишкерлеринен айына 6 миңден 7 миң сомго чейин мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 326-беренесине ылайык (пара талап кылуу) кылмыш иши козголгон.

Кызматтык бөлмөсүн тинтүү учурунда, мурда пара катары берилген акча каражаттар табылган. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.