7-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 7-ноябрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +1…+6,

Бишкек шаарында 7-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз +4…+6 градус жылуу болот.