Бизнеске товар сатып алуу, жабдуу алуу же ижара төлөө үчүн шашылыш каражат керек болгондо, убакыт эң маанилүү фактор болуп калат. Эми банктын чечимин узак күтүүнүн зарылдыгы жок. Жеке ишкерлер үчүн MBusiness онлайн-кредити дагы да ыңгайлуу болуп, пайыздык чени жылдык 16%га чейин төмөндөдү.
Бул эмнеси менен ыңгайлуу?
— Жеткиликтүү пайыз: 16% жылдык — учурда бизнести колдоо үчүн пайдалуу сунуштардын бири.
— Толук онлайн формат: маалымкат чогултуу же банкка баруу талап кылынбайт.
— Тез чечим: арыздар болгону 7 секундда каралып, жыйынтык дароо белгилүү болот.
Шарттары жөнөкөй:
— Суммасы: 500 000 сомго чейин
— Мөөнөтү: 36 айга чейин
— Кимдер үчүн: 18ден 65 жашка чейинки жеке ишкерлер
— Документтерди каттоо: онлайн, кошумча кагаз иштери жок
200 000 сомго чейинки сумма керек болсо, каражат эсепке дароо түшөт. Ал эми андан жогору сумма үчүн MBANK бөлүмүнө кайрылып, процессти жыйынтыктоо зарыл.
Ошондой эле кредит алууга макулдук берилгенден кийин «муздатуу мезгили» каралган. Бул убакыт аралыгында кардар кабыл алган чечимин кайра карап чыга алат:
— 50 миңден 100 миң сомго чейин — 4 саат
— 100 миңден 200 миң сомго чейин — 12 саат
Банктын маалыматына ылайык, 100 миңден 200 миң сомго чейинки суммаларда кошумча түрдө 5353 номеринен банк кызматкери чалып, арызды тастыктоо жүргүзүлөт.
Расмий маалыматка ылайык, эффективдүү пайыздык чен (ЭПЧ) 18,53% түзөт.
Бизнесиңизди өнүктүрүүнү кийинкиге калтырбаңыз — азыртан аракет кылыңыз. Толук маалыматты MBANK аркылуу алууга болот.
MBANK — Кыргызстанда түзүлгөн биринчи санарип банк.
КР УБ №014 Лицензия









