«7 сомго чейин көтөрдүңөр». Бакыт Төрөбаев нан чыгарган ишканаларга жана наабайчыларга кайрылды

«Министрлер кабинети сиздер менен бирге жасаган аракеттеринин натыйжасында казак унунун кымбатташына байланыштуу ажиотажды токтотуп, ундун баасын турукташтырууга жетишти». Бул тууралуу Министрлер кабинентинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Бирок Казакстандын унуна болгон баанын көтөрүлгөнүнөн пайдаланып, нан чыгарган ишканалар, наабайканалар нанга болгон бааны 5 сомдон 7 сомго чейин көтөрүп алышты. Нан чыгарган ишканалардын жетекчилери, наабайканалардын ээлери, сиздерге нанга болгон бааны төмөндөтүү боюнча өтүнүч менен кайрылабыз. Болбосо, мамлекет нандын баасын калкыбыз үчүн жеткиликтүү кылуу максатында жөнгө салуучу чараларды киргизүүгө мажбур болот. Мамлекет үчүн негизги керектелүүчү азык-түлүктөргө болгон бааларды бардык жарандар үчүн жеткиликтүү кармоо аябай маанилүү. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого байланышкан бул маанилүү маселеде бизди түшүнгөнүңүздөр жана кызматташканыңыздар үчүн алдын ала ыраазычылык билдиребиз. Жарандар үчүн бакубат жашоо менен өнүгүүнү баарыбыз биргеликте гана камсыздай алабыз», — деп жазды ал.