72 жаштагы ардагер Өзгөндөн Ошко велосипед менен барды

Кечээ, 31-октябрда 72 жаштагы милициянын ардагери Тилеш Акматов Кыргыз милициясынын 100 жылдыгынын урматына велосипед менен үч саат аралыгында Өзгөн шаарынан Ош шаарына келди.

Ардагер Акматов бул кадамы менен милиция кызматкерлерин жана жалпы эле жарандарды сергек жашоого үндөп, спорт менен машыгууга чакырууга ниет кылган. Ал учурда Өзгөн шаарында жашайт. Жубайы Карачач Акматова экөө бир кыз төрт уулду тарбиялап, эрезеге жеткирген. 20 неберенин сүйүктүү чоң атасы. Үч уулу атасынын жолун жолдоп, аскер кызматкери болуп эмгектенишет.

Ардагер кыргыз милициясынын катарында 1974-жылдан 1995-жылга чейин кызмат өтөгөн. Алгач айдоочулуктан баштап, андан соң жашы жетелектер менен иштөө боюнча инспектор жана башка бир катар жооптуу жетекчилик кызматтарды аркалаган.