8-12-июль күндөр аралыгында тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

8-июлдан 12-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Ошол себептен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү сунушталат.