8-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 8-апрелде түнкүсүн Алай өрөөнүнүн чыгыш тарабында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Баткен, Ош, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндуз +21…+26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14°, күндүз +24…+26° жылыйт.