8-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 8-апрелде түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз +12…+17,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13 градус.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +18…+20 градус болот.