«8 атка тебеленип, колу-бутум, денем кыймылдабай калды» дейт улакчы

Биздин бул жолку карманыбыз Анур Жээнбек уулу. Ал мындан 6 ай мурда айылда улак тартыш ойноп жатып, аттардын тебелендисинде калып, катуу жаракат алганын айтат. “Ошондон бери төшөккө байланып калдым” деген ал чоң улакчылар менен жолугушууну кыялданарын айтат.

«Памперс кийет. Өз алдынча дааратканага бара албайт. Буттары иштебейт»,- дейт жубайы.

«Кичинемден атка жакынмын. Улак ойноп жүрчүмүн. Ошол күнү каргашага кабылдым. Жаракат алып, ушундай абалга туш болуп отурам. Колу-бутум, денем иштебейт. Кыймылдай албайм. Ал күндү эстеген мага өтө оор. Улакка аман-эсен баргам. Оюн жакшы эле болуп жаткан. Ошол жерде аттарга тебеленип калдым. 8 ат үстүмөн өтүп кетти. Досум байкап, «бутуңа тур» деди. Турайын десем эле денем кыймылдабай калды»,- деди ал.