8-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +31…+36,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29.

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +36…+38 градус болот.