8-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 8-августта түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ош, Чүй, Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Күндүз да өлкөнүн айрым жерлеринде күн күркүрөп, жаан жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+22, күндүз +27…+32;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29 градус ысыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +30…+32 градус болот.