8 балалуу эне: «Жолдошум атамды өлтүрдү делип камалып чыкты»

SuperTV телеканалына Бишкек шаарынын четиндеги конуштардын биринде шарты жок, дубалдарынан ным тарткан 1 бөлмөлүү батирде удаа төрөлгөн 8 баласы менен күн кечирген Миргүл Кимболотова кайрылды. Ал эки жолу турмушка чыгып, эки турмушу тең жолдуу болбогонун жана 8 баланы тарбиялоонун түйшүгүн айтып, тагдырын баяндап берди.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0551 70 20 14.

«8 балам бар. Эң улуу 2 балам биринчи жолдошумдан. Токмокко турмушка чыккам. Ал 2008-жылы каза болуп калган. Экинчи жолдошума 2009-жылы турмушка чыктым. Башында жакшы жашап жүрдүк. 2 баламды өгөйсүнткөн жок. Бул жолдошумдан балам төрөлдү. 2011-жылы атамды өлтүрүп кетишти. Апам келип, «күйөөң атаңды сабап, өлтүрүп коюптур» деди. Жолдошум милицияда экен. Мен ишенген жокмун. Апам арыз жазды. Жолдошум түрмөдө отурду. 5 айдан кийин анын өлтүрбөгөнү аныкталып, акталып чыкты. Бирок ошол сөздөр айтыла берди. «Сенин туугандарың каматты» деп жатып, сыйыбыз кетти»,- деди ал.