8-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 8-февралда түнкүсүн жана күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган облустарда жана дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Жолдор тоңголок болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок болот. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5° суук, күндүз 5…7° болот.