8-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Эртең, 8-февралда түнкүсүн Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, күндүз бардык аймактарда кар жаайт. Жолдор тайгалак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14,

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+6, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз жамгыр жаайт. Түнкүсүн +2…+4, күндүз + 12…+14 градус болот.