8-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +33…+35 градус ысык.