8-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

8-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын басымдуу бөлүгүндө, Чүй, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25,

Талас облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34,

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37,

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн +19…+21, күндүз +32…+34 градус ысык болот.