«Моана» мультфильминин уландысынын тизери чыкты (видео)

Интернетте «Моана» мультфильминин уландысынын тизери пайда болгонун Tengri Life жазды.

16 секунддук видео YouTube’дагы расмий Disney каналында жарыяланган. «Моана ата-бабаларынын чакырыгын уккандан кийин, Океаниянын алыскы чектерине, кооптуу сапарга аттанат, ал жерде мурда болуп көрбөгөн укмуштуу окуяларга туш болот», — деп айтылат видеонун сүрөттөмөсүндө.

Эске сала кетсек, окуянын биринчи бөлүгү 2016-жылы жарыкка чыгып, «Мыкты ыр» жана «Мыкты анимациялык тасма» номинациялары боюнча эки «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөн. Моана 640 миллион доллардан ашык киреше алып, кассада да хит болгон. Жаңы бөлүктүн кинотеатрларда бет ачары 2024-жылдын 27-ноябрында күтүлүүдө.