8-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Happy kids have fun playing in city water fountain on hot summer day. Boys happy and smiling brother best friends. Ecology concept.

Эртең, 8-майда күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Ал эми Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында түндө жаан жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35;

Талас жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +29…+34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;

Нарын  өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11; күндүз +25…+27;

Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +15… +17, күндүз +33… +35 градус ысык болот.